Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 14
Миң-Булак айыл өкмөтүнө Большевик айылынын Шопокова көчөсүндөгү
спортзалдын имаратын баланска алууга макулдук берүү жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун Большевик айылынын Шопокова көчөсүндөгү спортзалдын имаратын баланска алуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергилктүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 20-пунктуна ылайык, физкультура жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө байланыштуу, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнө Большевик айылынын Шопокова көчөсүндөгү спортзалдын имаратын баланска алууга макулдук берилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү спортзалдын имаратын баланска алуу боюнча керектүү документтерди даярдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин төрайымынын орун басары П.И.Лугмага, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко, Кеңештин турак жай куруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |