Редакцияот 16.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX  чакырылышынын III кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 16-сентябры  №9/58 

  

    Муниципалдык ишкананын бухгалтериясын аутсорсингге өткөрүү жөнүндө

 

 

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына, «Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Мин-Булак айыл  өкмөтүнүн 15-сентябрь 2025-жылдагы № 02-2-4/354 кайрылуу катын карап жана талкуулап Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын III кезексиз  сессиясы  токтом кылат:

1.    Миӊ-Булак айыл аймагындагы «Миӊ-Булак тазалык» муниципалдык ишкананын бухгалтердик эсеп жүргүзүү аутсорсинг негизде өтүүгө макулдук берилсин.

 

2.    “Миӊ-Булак тазалык” муниципалдык ишканасы менен кызмат көрсөтүүчү ортосунда келишимдер түзүлсүн.

 

3.    “Миӊ-Булак тазалык” муниципалдык ишканасынын бухгалтердик эсеп жүргүзүү жана аткарылган иштери боюнча Миӊ-Булак айылдык кеӊешине бир жылда бир жолу маалымат берүү жагы каралсын.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын  Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.

 

5.    Ушул  токтом, каттоодон  ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg  веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

 

 

  Төрага

К. Усупов