Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 655
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 307 “Кыргыз
Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине
караштуу мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке
келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “МЕС Текстиль” мамлекеттик ишканасынын уставында:
14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү – он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
“– Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансында турган техниканы оңдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;
– санаториялык-курорттук дарылоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;
– медициналык-реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү;
– дары каражаттарын өндүрүү жана мамлекеттик медициналык мекемелерге жана башка керектөөчүлөргө сатуу боюнча иштерди уюштуруу;”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 78 (3734) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |