Редакцияот 16.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX  чакырылышынын III кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 16-сентябры  №9/60      

Бейше-Булактан Долон ашуусуна чейин жакыктандыруу долбоорун бекитүү  жөнүндө

 

            Миӊ-Булак айыл аймагынын Бейше-Булак участкасынан Долон ашуусуна чейин Бишкек-Торугарт жолун жарыктандыруу үчүн Нарын облустук Теӊир-Тоо фондуна жазылган долбооруна өздүк салым катары жол чырактарын казуу жана көмүү иштерин аткаруу максатында  Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын III кезексиз  сессиясы  токтом кылат:

1.    Миӊ-Булак айыл аймагындагы  Бейше-Булак участкасынан Долон ашуусуна чейин Бишкек-Торугарт жолун жарыктандырууда өздүк салым катары айыл өкмөтү тарабынан  жол чырактарын казуу, көмүү орнотуу иштери аткарылат.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын  Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.

 

3.    Ушул  токтом, каттоодон  ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg  веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

 

 

  Төрага

К. Усупов