Редакцияот 06.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX  чакырылышынын IV кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 6-октябры  №10/62      

Лахол айылындагы Спорт комплекске Арпачиев Төлөбек Муратбековичтин  ысымын берүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдагы 25-мартындагы №149 Токтомуна ылайык жана «Республикалык Баткен согушунун ардагер кеӊеши» коомдук бирикмеси тарабынан 26.09.2025-ж №09/149 кайрылуу катын карап жана талкуулап Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын IV кезексиз  сессиясы  токтом кылат:

1.    Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Лахол айылыдагы спорт комплекс Арпачиев Төлөбек Муратбековичтин ысымын берүүгө  макулдук берилсин.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын  Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.

 

3.    Ушул  токтом, каттоодон  ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg  веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

 

 

  

  Төрага

К. Усупов