Редакцияот 12.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Чолпон-Ата шаардык кеӊеши

XXXI чакырылышы XXIII кезексиз сессиясы

      ТОКТОМ

2025-жылдын ноябрь айынын 28  №31/23-1

 

 

Чолпон-Ата шаарынын, Аэропорт көчөсү, 20к дарегинде жайгашкан Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигиндеги 34 га  жер тилкесин “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКна өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

                  Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2025-жылдын 26-ноябрындагы №01-8/3105 катынын, 2025-жылдын 27-ноябрында Чолпон-Ата шаарынын жарандары менен болгон коомдук талкуулоонун  №87 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 17, 19-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине, Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин “Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 27-ноябрындагы отурумунун протоколуна ылайык, токтом кылат:

 

 1.Чолпон-Ата шаарынын, Аэропорт көчөсү, 20к дарегинде жайгашкан Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигиндеги жалпы аянты 34 га  жер тилкесин (идентификациялык коду:2-03-05-0001-3006) “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.Чолпон-Ата шаарынын мэриясына: - ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинөткөрүп берүүдө жана трансформациялоо иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын;

-Чолпон-Ата шаарынын жашоочуларына ипотекага турак-жай берүүдө шарттарын жеӊилдетүү боюнча “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлсүн.

 

3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык кеңештин  «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

  

 

Төраганын орун басары                                           Жакыпбек уулу Б