Редакцияот 06.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX  чакырылышынын IV кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 6-октябры  №10/64      

 

 

Эмгекчил айылындагы «Эмгекчил-Келечек» бала бакчасынын ысымын өзгөртүүсүз калтыруу  жөнүндө

 

 

      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдагы 25-мартындагы №149 Токтомунун Мамлекеттик маанидеги объекттерди атоо жана кайра атоо тартиби жөнүндө  3-тиркемеге ылайык «Эмгекчил-Келечек» бала бакчасынын 26.08.2025-ж №31 кайрылуу катын карап жана талкуулап Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын IV кезексиз  сессиясы  токтом кылат:

1.    Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы «Эмгекчил-Келечек» бала бакчасынын ысымы өзгөртүүсүз калтырууга  макулдук берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын  Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы

А. Океновго милдетендирилсин.

 

3. Ушул  токтом, каттоодон  ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg  веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

 

 

    

  Төрага

К. Усупов