Редакцияот 12.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Чолпон-Ата шаардык кенеши

XXXI чакырылышы XXII кезексиз сессиясы

ТОКТОМ

  2025-жылдын ноябрь айынын 20сы  №31/22-1

 

Чолпон-Ата шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жер тилкесин, имараты менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө

                                        

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын  2025-жылдын 19-ноябрындагы №01-7/3017 катынын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамдарынын негизинде, Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу  комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы протоколуна ылайык, токтом кылат:

  1. Чолпон-Ата шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын имаратын, жер тилкеси менен (3079,0 м2)  (идентификациялык №2-03-05-0025-3241, №2-03-05-0025-3241-01)  Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине ѳткѳрүп алууга макулдук берилсин.

 

  1. Чолпон-Ата шаарынын мэри Р.Б.Кадыркуловго :

-мүлктү баланска өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн Тартибине” ылайык, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын;

-жогорудагы аталган мүлктү Чолпон-Ата шаарынын аймагында жайгашкан айрым мекемелердин (мектептер, бала бакчалар, оорукана, муниципалдык мекемелер) кызматкерлерин убактылуу турак-жай менен камсыз кылуу максатында, берүү шартын дыкаттык менен карап, тиешелүү Жобо иштеп чыгып, Чолпон-Ата шаардык Кенеши менен макулдашылсын. 

        3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын  жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

      4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңештин  «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 Төраганын орун басары                                       Жакыпбек уулу Б.