Редакцияот 12.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Чолпон-Ата шаардык кенеши

XXXI чакырылышы XXII кезексиз сессиясы

   ТОКТОМ

 

 2025-жылдын ноябрь айынын 20сы №31/22-2

 

Чолпон-Ата шаарынын  “Семетей” кичи районунда жайгашкан мечитин 0,08 га жер тилкеси менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө

 

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын  2025-жылдын 11-ноябрындагы №01-13/2610 катынын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары”жѳнүндѳ» мыйзамдарынын негизинде, Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу  комиссиясынын 2025-жылдын 13-ноябрындагы протоколуна ылайык, токтом кылат:

1. Чолпон-Ата шаарынын “Семетей” кичи районунда жайгашкан мечитин 0,08 га жер тилкеси менен (идентификациялык №2-03-05-0024-2581)  Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине ѳткѳрүп алууга макулдук берилсин.

 

2.Чолпон-Ата шаарынын мэри Р.Б.Кадыркуловго:

- мүлктү баланска өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн Тартибине” ылайык, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын. 

3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңештин  «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

  

Төраганын орун басары                                            Жакыпбек уулу Б.