Загрузка документа…
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2025-жылдын 9-апрелиндеги № 59 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 15
Укук бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиясы жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун Миң-Булак айыл аймагында укук бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 «Кыргыз РЕспубликасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин депутаттарынын жаңы чакырылышы шайлангандыгына байланыштуу, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Миң-Булак айыл аймагында укук бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Асаналиев Нурбек Бекташевич – а/Кенештин депутаты, комиссиянын төрагасы;
- Исмаев Керим Шабанеевич – а/өкмөтүнүн юристи, комиссиянын катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Лугма Паншер Ибларович – а/Кенештин депутаты;
- Джумабекова Райгуль Совхозовна – а/Кенештин депутаты
- Жылдызбеков Марс Жылдызбекович – коопсуздук боюнча а/өкмөтүнүн адиси;
- Сатаров Расул Кашкаевич – Сретенка айылынын башчысы;
- Алымбаев Мирлан Орусбекович – Заря айылынын башчысы;
- Арыков Жодарбек Досумбаевич – Большевик айылынын башчысы;
- Мырзалиев Руслан Кубатбекович – Беш-Корук айылынын башчысы;
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко, Кеңештин өнөр жай жана транспорт маселелри боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |