Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 16
Мөөнөтсүз пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун мөөнөтсүз пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин 3-пунктунун, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун, 2024-жылдын 30-майындагы серия Б №044168 Мамлекеттик актынын негизинде, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Муниципалдык менчиктеги Александровка айылынын Васько П. №24а дарегинде жайгашкан жалпы аянты 25,0 кв.метрди түзгөн жер участогун Москва райондук электр тармактары “Северэлектро-ЧуПЭС”Ачык акционердик коомуна иштеп жаткан трансформатордук подстанцияга берүү үчүн макулдук берилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жер участогу боюнча керектүү документтерин дайындасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин төрайымынын орун басары П.И.Лугмага, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |