Редакцияот 06.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX  чакырылышынын IV кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 6-октябры  №10/67      

Кезектеги  IV Элдик Курултайга делегаттарды  шайлоо боюнча коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин  «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө»  Жарлыгына ылайык,  Мин-Булак айыл жарандардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү максатында, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын IV  кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270 «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2.    Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобонун 6-пунктунда аныкталган нормага ылайык, Мин-Булак айыл аймагынын калкынын саны 15642 адам болгондуктан өкүлчүлүктүү жыйындарга катышуучу өкүлдөрдүн саны 80 деп бекитилсин.

3.    Айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча коомдоштуктунжыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4.    Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана квотасыкалкынын санына жараша 2-тиркемеге ылайык гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын.

5.    Мин-Булак айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча коомдоштуктардын  жыйындарын өткөрүү 2025-жылдын 17-октябрдан 24-октябрына чейин белгиленсин (3-тиркеме).

6.    Кезектеги IV Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү 2025-жылдын 1-ноябрь айы деп белгиленсин (4-тиркеме).

7.    Жумушчу топ, бекитилген графиктер боюнча коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча зарыл чараларды көрүшсүн жана Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобонун талаптарын аткарууга алышсын.

 

8.    Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, min-bulak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

9.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

  Төрага

К. Усупов 

 

 

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин  XXIХ  чакырылышынын IV кезекcиз сессиясынын 2025-жылдын 6-октябрь №10/67 токтомуна 1-тиркеме

 

Айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жарандардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу топтун курамы.

 

№

А.А.А

Кызматы

Жумушчу тобунун ролу

Айыл аймака жооптуу

1

Усупов Казыбек Сырымбетович

Айылдык кеңештин төрагасы

Төрага

Баардык

2

Жолдошов Асылбек Бекбосунович

Айылдык кеӊештин катчысы

Катчы

Баардык

3

Дайыров Рахат

Айыл башчы

Мүчөсү

Баардык

4

Тойгонбаев Тилек Тойгонбаевич

А. Осмонов атындагы маданият үйүнүн директору

Мүчөсү

Баардык

5

Рысбек уулу Дамир

Айыл башчы

Мүчөсү

Баардык

6

Кемелова  Гүлира

Мадания үйүнүн директору

Мүчөсү

Баардык

7

Борбодоев Алтынбек

Мадания үйүнүн директору

Мүчөсү

Баардык

 

 

 

 

    Катчы                                                                                                             А. Жолдошов

 

 

 

 

 

 

 

 

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин  XXIХ  чакырылышынын IV кезекcиз сессиясынын 2025-жылдын 6-октябрь №10/67 токтомуна 2-тиркеме

 

Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана квотасы.

 

№

Айылдардын

(чөлкөмдүн) аталышы

Калкынын саны

1 квотага тийиштүү калктын саны

Берилүүчү квотанын саны

Гендердик баланс 30% (аял)

1

Лахол

1242

195,52

7

5 эркек 2 аял

2

Жер кочку

836

195,52

4

3-эркек, 1-аял

3

Оттук

1779

195,52

9

7 эркек 2 аял

4

Эчки башы

1984

195,52

10

7-эркек, 3-аял

5

Эмгекчил

3534

195,52

18

13 эркек 5 аял

6

Өрнөк

650

195,52

3

2-эркек, 1-аял

7

Куйбышев

4096

195,52

21

15-эркек, 6-аял

8

Миӊ-Булак

1516

195,52

8

6-эркек, 2-аял

жалпы

15642

 

80 өкүлчүлүк

58-эркек

      22-аял

 

 

 

 

    Катчы                                                                                                              А. Жолдошов

 

 

 

 

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин  XXIХ  чакырылышынын IV кезекcиз сессиясынын 2025-жылдын 6-октябрь №10/67 токтомуна 3-тиркеме

 

2025-жылдын 17-октябрдан 24-октябрь айына чейин Мин-Булак айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча коомдоштуктун жыйындарын  өткөрүү

ГРАФИГИ

№

Айыл аймак

Чогулуш өтүүчү жер

Убактысы

Уюштуруучулар

1

Өрнөк айылы

Ж.Өмүралиев мектеби

17.10.2025-ж

саат 10-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

2

Миң-Булак айылы

Т.Байсалов мектеби

17.10.2025-ж

саат 11-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

3

Куйбышев айылы

 Куйбышев айыл өкмөтүнүн  имаратынын жыйындар залында.

17.10.2025-ж

саат 14-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

4

Оттук

Оттук айылындагы

Жээнбай Мамбеталиев атындагы клубунда

20.10.2025-ж

саат 10-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

5

Эчки-Башы айылы

Он-Арча айылындагы Тынымсейитова Жумакан атындагы клубда

20.10.2025-ж

саат 12-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

6

Эмгекчил

Эмгекчил айылдык клубунда

20.10.2025-ж

саат 14-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

7

Лахол айылы

Лахол айылындагы Абакиров Сабыр атындагы клубунда

21.10.2025-ж

саат 11-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

8

    Жер-Көчкү

    Жер-Көчкү айылдык клубунда

21.10.2025-ж

саат 14-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

  

 Катчы                                                                                  А. Жолдошов                     

 

 

 

 

 

 

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин  XXIХ  чакырылышынын IV кезекcиз сессиясынын 2025-жылдын 6-октябрь №10/67 токтомуна 4-тиркеме

 

 

Кезектеги IV Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү

 

ГРАФИГИ

№

Айыл аймак

Чогулушney өтүүчү жер

Убактысы

Уюштуучулар

1

Мин-Булак айылы

Мин-Булак айыл  өкмөтүнүн жыйындар залы.

01.11.2025-ж саат 11-00

Жумушчу топ

 

 

 

    Катчы                                                                                                                 А.Жолдошов