Редакцияот 17.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX  чакырылышынын IV кезектүү сессиясы

 

2025-жылдын 17-ноябры  №13/75      

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин Депутаттардын төрагасын  шайлоо жөнүндө

 

   Эсептөө комиссиясынын №9-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын IV  кезектүү сессиясы токтом кылат:

1.    Эсептөө комиссиясынын  айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2025-жылдын №9-протоколу бекитилсин.

2.    Миӊ-Булак айылдык кеңештин төрагасы болуп Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович шайлангандыгы таанылсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө өзүмө калтырам.

4.     Ушул  токтом, каттоодон  ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg  веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

 

 

 

 

 

  Төрага

К. Усупов