Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-декабры № 765
Кыргыз Республикасынын авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоону жүргүзүүгө бирдиктүү талаптарды аныктоо максатында, "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-1-статьясына, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-1-беренесинин 8-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоо эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
1) белгиленген тартипте авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоону жүргүзүү боюнча комиссия түзсүн;
2) зарыл болгон учурда жогоруда көрсөтүлгөн комиссиялардын курамында аткаруу бийлигинин кызыкдар органдарынын өкүлдөрүн ишке тартсын.
3. Бул токтомдон келип чыгуучу иш-чаралар министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын эсебинен жана штаттык санынын чегинде ишке ашырылат деп аныкталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |