Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-ноябры № 723
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо системасын жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолун иштеп чыгуу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолдорун иштеп чыгууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 81-1-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо системасы (мындан ары - Система) 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолун иштеп чыгуу тартиби (мындан ары - Тартип) 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана мамлекеттик бийликтин башка органдары социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиешелүү болжолдорун иштеп чыгууда ушул токтом менен бекитилген Системаны жана Тартипти жетекчиликке алсын.
3. Илимий-билим берүү уюмдарына жана мекемелерине, жеке ишканаларга/уюмдарга, мамлекеттин катышуусу бар чарбалык субъекттерге социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолдорун иштеп чыгууда ушул токтом менен бекитилген Системаны жана Тартипти жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-октябрындагы № 557 "Кыргыз Республикасынын Финансылык программалоо модели жана аны пайдалануу боюнча колдонмо жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-майындагы № 239 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-майындагы № 265 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-майындагы № 239 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо системасы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо системасы (мындан ары - Мамлекеттик болжолдоо системасы) - өлкөнүн орто мөөнөттүү (3 жылдан 5 жылга чейин) жана узак мөөнөттүү (10 жыл жана андан көп) өнүктүрүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик болжолдоо принциптеринен, документтерден, процесстерден жана катышуучуларынан турган өз ара байланыштагы элементтердин жыйындысы.
2. Мамлекеттик болжолдоо системасы Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо процессинин катышуучуларынын ортосунда келип чыгуучу өз ара мамилелерди камтыйт жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Мамлекеттик болжолдоо системасынын башка катышуучуларынын ишин мамлекеттик болжолдоонун алкагында координациялоонун негиздерин белгилейт.
3. Мамлекеттик болжолдоо - Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдонгон негизги көрсөткүчтөрүнүн жана максаттуу багыттарынын мүмкүн болгон абалдарын көрсөтүү менен алдыдагы мезгилге карата Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттары, багыттары жана артыкчылыктары жөнүндө илимий негизделген түшүнүктөрдү иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана болжолдоо процессинин башка катышуучуларынын иши.
4. Мамлекеттик болжолдоо системасы негизги принциптерди, катышуучулардын жоопкерчилигин белгилейт, мамлекеттик стратегиялык башкаруунун документтеринин системасын аныктайт жана иштеп чыгууга, бекитүүгө, ишке ашырууга, мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого байланышкан мамилелерге жайылтылат.
5. Мамлекеттик болжолдоо системасын укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине негизделет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Мамлекеттик болжолдоо системасына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Мамлекеттик болжолдоо системасынын принциптери
6. Мамлекеттик болжолдоо системасы төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) биримдик жана бүтүндүк - мамлекеттик болжолдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, Мамлекеттик болжолдоо системасынын уюштуруу жана иштөө принциптеринин биримдиги, мамлекеттик болжолдоо процессин ишке ашыруу тартибинин биримдиги;
2) максаттуулук - мамлекеттин активдүү аракеттери аркылуу экономикада жетишүүгө тийиш болгон максаттарды жана көрсөткүчтөрдүн бааланган сандык маанилерин камтыган болжолдоо;
3) ички тең салмактуулук - Мамлекеттик болжолдоо системасынын бардык документтеринин макроэкономикалык максаттар, милдеттер жана болжолдонуучу көрсөткүчтөр боюнча өз ара макулдашылуусу;
4) комплекстүүлүк - экономикалык, саясий, укуктук жана башка факторлорду эске алуу менен болжолдоодо ар тараптуу талдоо жүргүзүү, параметрдин (көрсөткүчтүн) өнүгүү тарыхын тактоо жана болжолдоону иштеп чыгуу;
5) альтернативдүүлүк (көп варианттуулук) - кырдаал өзгөрсө, башка вариантты колдонууга мүмкүн болгон бир нече болжолдоо варианттарын иштеп чыгуу сунушталат;
6) адекваттуулук - реалдуу процесстердин стохастикалык (ыктымалдык) мүнөзүн эске алуу жана аныкталган тенденцияларды ишке ашыруу ыктымалдыгын баалоо менен болжолдонгон маанилерди реалдуулукка, тенденцияларга, мыйзам ченемдүүлүккө максималдуу жакындаштыруу;
7) мамлекеттик болжолдоо процессинин катышуучуларынын белгиленген компетенциясынын чегинде максаттарга жетүү жана милдеттерди чечүү жолдорун жана ыкмаларын тандоодогу өз алдынчалыгы;
8) мамлекеттик болжолдоо процессинин катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген компетенциясынын чегинде өлкөнү өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрү боюнча милдеттерди чечүүнүн натыйжалуулугунун төмөндүгү жана жетишилбеген жыйынтык үчүн жоопкерчилиги;
9) ачык-айкындык - экономикалык коопсуздук маселелерине тиешелүү маалыматтарды камтыган жоболорду кошпогондо, Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтерин милдеттүү түрдө жарыялоо;
10) үзгүлтүксүздүк, улантуучулук жана ырааттуулук - Мамлекеттик болжолдоо системасынын иштөөсүнүн үзгүлтүксүз механизмин камсыз кылуучу максаттарга жана милдеттерге ийгиликтүү жетишүүнүн үч компоненти.
3-глава. Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтери
7. Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтерине төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 10 жана андан көп жылга карата улуттук стратегиясы;
2) Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттик программасы (3 жылдан 5 жылга чейин);
3) орто мөөнөттүү мезгилге региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялары жана программалары (3 жылдан 5 жылга чейин);
4) Кыргыз Республикасын орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу (3 жылдан 5 жылга чейин);
5) Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясатынын негизги багыттары;
6) Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети;
7) кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге жергиликтүү бюджеттер;
8) сектордук/тармактык программалар;
9) уставдык капиталында мамлекеттин катышуусу менен мамлекеттик ишканаларды жана улуттук компанияларды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык документтери.
4-глава. Мамлекеттик болжолдоо системасынын процесси жана процесстин катышуучулары
8. Мамлекеттик болжолдоо системасынын процессине документтерди иштеп чыгуу, бекитүү, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү, баалоо, максаттуу багыттарды оңдоп-түзөө, ишке ашырууну контролдоо кирет.
Иштеп чыгуу - болжолдоо процессин башкаруу моделин/схемасын жана макроэкономикалык болжолдоо инструменттерин колдонуу менен өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолун түзүү.
Мониторинг жүргүзүү - Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты чогултуу, системалаштыруу, талдоо жана жалпылоо.
Баалоо - Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтерин ишке ашыруунун натыйжалуулугуна жетүү даражасын аныктоо инструменти.
Контролдоо - бузууларды аныктоо, жоюу жана жол бербөө максатында Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтеринин толуктугун жана өз убагында аткарылышын талдоо.
9. Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жалпы республика, экономиканын секторлору жана тармактары, Кыргыз Республикасынын региондору боюнча иштелип чыгат.
10. Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу ички жана тышкы экономикалык, социалдык жана башка факторлордун мүмкүн болуучу таасирин эске алган ар түрдүү варианттарда иштелип чыгат.
11. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан экономикалык өнүктүрүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы тарабынан түзүлөт.
12. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун берүү, кароо жана бекитүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун иштеп чыгуу тартиби менен регламенттелет.
13. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекет катышкан юридикалык жактар, коомдук, илимий жана жеке ишканалардын/уюмдардын өкүлдөрү, жеке жактар Мамлекеттик болжолдоо системасынын процессинин катышуучулары болуп саналат, ошол эле учурда орто мөөнөттүү болжолду иштеп чыгууга катышуу мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка маалымат жөнүндө улуттук мыйзамдардын талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.