Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-декабрындагы № 765 токтомуна) |
Авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоо
эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоо эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасында менчигинин түрүнө карабастан авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоо тартибин аныктайт.
2-глава. Аттестацияланган авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоо
2. Бардык авариялык-куткаруу кызматтары жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрү (мындан ары - АКК жана АКТ) алгачкы аттестациядан өткөндөн кийин жана авариялык-куткаруу иштеринин белгилүү бир түрүн же түрлөрүн жүргүзүү укугуна күбөлүк берүүдөн кийин милдеттүү түрдө каттоого алынууга тийиш.
3. АКК жана АКТты каттоо авариялык-куткаруу кызматтарынын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүнүн реестрине киргизүү үчүн расмий таануу болуп саналат жана аттестацияны ийгиликтүү тапшыргандан кийин жүзөгө ашырылат.
4. АКК жана АКТты каттоону Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча башкармалыктары (мындан ары - КР ӨКМУ) жүргүзөт.
5. АКК жана АКТты каттоо төмөнкүдөй административдик жол-жоболорду камтыйт:
1) АКК жана АКТты каттоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды кабыл алуу жана каттоо;
2) АКК жана АКТты каттоо жөнүндө арызды кароо;
3) АКК жана АКТты каттоо;
4) арыз ээсине АКК жана АКТты каттоо жөнүндө маалымат менен кабарлоону же АКК жана АКТты каттоодон баш тартуу жөнүндө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтүү.
6. Арыз ээси болуп АКК жана АКТты уюштурган жеке же юридикалык жак же каттоо жөнүндө суроо-талап менен каттоочу органга кайрылган алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү саналат.
7. АКК жана АКТ жөнүндө маалыматтарды чогултуу, эсепке алуу жана сактоо максатында КР ӨКМБнын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү ушул Эрежелердин 1, 2-тиркемелерине ылайык электрондук жана кагаз түрүндө өзүнчө каттоону (мындан ары - каттоочу) жүргүзүшөт.
8. Регистрлер журнал түрүндө жүргүзүлөт. Регистрлердин бир бетине бир гана АКК же АКТ тууралуу маалымат жазылат. Бир бетке эки же андан көп АКК же АКТ жөнүндө маалыматтарды киргизүү жол берилбейт.
9. Регистрлердин беттери үзгүлтүксүз номерленет.
10. Регистрлер мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт. Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө жол берилет.
11. АКК жана АКТты каттоо үчүн зарыл болгон арыз ээси тарабынан берилүүчү документтердин тизмеси:
1) ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык АКК жана АКТты каттоо жөнүндө арыз;
2) белгиленген тартипте берилген авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү укугуна күбөлүктүн уюмдун жетекчисинин колу жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (мөөрү бар болсо);
3) АКК жана АКТтын аталышы, АКК жана АКТтын жоопкерчилик зонасы, АКК жана АКТтын жайгашкан жери (дареги), өздүк курамдын, анын ичинде АКК жана АКТдагы аттестацияланган куткаруучулардын саны, күбөлүккө ылайык авариялык-куткаруу иштерин жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү боюнча АКК жана АКТтын мүмкүнчүлүктөрү, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө даярдыгы, АКК жана АКТтын жабдылышы, анын ичинде атайын үн жана жарык сигналдары менен жабдылган транспорт каражаттарынын саны жана түрлөрү жөнүндө маалымат.
12. Каттоо жүргүзүү үчүн документтер аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча берилген авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү укугуна күбөлүктө көрсөтүлгөн күндөн тартып 3 айдан кечиктирилбестен каттоочу органга жиберилет.
13. Арыз ээси документтердин пакетин толук эмес берген же берилген документтер белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, документтерди кабыл алууну жүзөгө ашыруучу органдын кызматкери арыз ээсине документтерде аныкталган кемчиликтердин болушун түшүндүрөт, аларды жоюу боюнча чараларды көрүүнү жана АКК жана АКТты каттоону жүргүзүү үчүн кайрадан кайрылууну сунуш кылат.
14. Документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин документтерди кабыл алууну ишке ашыруучу каттоочу органдын кызматкери арыз ээсине документтерди кабыл алгандыгы тууралуу тил кат берет.
15. АКК жана АКТты каттоо мөөнөтү. АКК жана АКТты каттоо жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн тартып 15 жумуш күндү түзөт.
16. АКК жана АКТты каттоонун жыйынтыктарын берүү кагаз жана электрондук форматта каралат.
17. Авариялык-куткаруу иштеринин белгилүү бир түрүн же түрлөрүн жүргүзүү укугуна күбөлүк берилген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде АКК жана АКТтын жетекчиси КР ӨКМБга каттоого арыз берет.
АКК жана АКТты каттоонун жыйынтыгы болуп саналган документтерди берүү мөөнөтү арыз ээсине берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндөн ашпайт.
3-глава. АКК жана АКТты каттоодон баш тартуу
18. Каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп ушул Эрежелердин 5-пунктунун талаптарына ылайык документтерди бербөө эсептелет. АКК жана АКТты каттоо табылган кемчиликтер жоюлгандан кийин жүргүзүлөт.
19. Каттоодон баш тартылган учурда АКК жана АКТты каттоо журналына тиешелүү жазуу киргизилет.
4-глава. АКК жана АКТты каттоого коюу жана каттоодон чыгаруу
20. Жүргүзүлүп жаткан авариялык-куткаруу иштеринин түрлөрү, АКК жана АКТтын турган жери же жоюлган жери өзгөргөн учурда АКК жана АКТтын жетекчиси 3 жумуш күндүн ичинде КР ӨКМБ маалымдайт.
Мында АКК жана АКТтын башчысы КР ӨКМБ тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн берет.
21. АКК жана АКТты каттоодон чыгаруу авариялык-куткаруу иштеринин белгилүү бир түрүн же түрлөрүн жүргүзүү укугуна аттестациялоо жөнүндө күбөлүктүн колдонулушу токтотулган, аткарылуучу авариялык-куткаруу иштеринин түрлөрү өзгөргөн, АКК жана АКТ жоюлган учурларда жүргүзүлөт.
АКК жана АКТ аттестациялык күбөлүгү кайтарып алынган учурда, күбөлүк кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда дароо алынат. Күбөлүктү алып салуу мөөнөтү өзүнчө документ менен регламенттелбейт, бирок аттестацияны кайтарып алуу фактысынан келип чыгат.
22. АКК жана АКТты каттоого коюу жана каттоодон чыгаруу Кыргыз Республикасынын КР ӨКМБ башчысынын же анын милдеттерин аткаруучу адамдын буйругу менен таризделет.
5-глава. АКК жана АКТтын укуктары
23. АКК жана АКТ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзгөчө кырдаалга оперативдүү чара көрүүгө;
2) жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон анык маалыматтарды алууга;
3) авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү технологиясына ылайык жабдуулар, мүлк жана техника менен жабдууга;
4) адамдарды куткаруу үчүн өзгөчө кырдаалдар зонасында болгон байланыш, транспорт каражаттарын, мүлктү жана башка материалдык каражаттарды пайдаланууга.
6-глава. АКК жана АКТтын жоопкерчилиги
24. АСС жана АСФ авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнүн жүрүшүндө келишим түзгөн уюмдарга туура эмес аракеттер менен келтирген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик тартышат. Зыяндын өлчөмү жана анын ордун толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аныкталат.
25. АКК жана АКТка карата таасир этүү чаралары өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча милдеттерди аткарууда жол берилген бузуулар үчүн колдонулат. Мындай чараларды колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кызматтар менен түзүлүштөрдүн жоболору менен жөнгө салынат.
7-глава. Корутунду
26. Каттоо өзгөчө кырдаал пайда болгон шарттарда бардык АКК жана АКТтын ишин координациялоо үчүн зарыл.
|
| Авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоо эрежелерине 1-тиркеме |
Форма
Каттоо (электрондук форматта жүргүзүлөт)
№ | Каттоо номери | Түзүлүштүн аталышы | Аткарылуучу иштердин негизги түрлөрү | Юридикалык дарек, телефон | Жетекчинин аты-жөнү, телефон | Күбөлүктүн номери жана берилген күнү | Саны | Дата | Каттоодон чыгаруу күнү | ||
Өздүк курамдын | Техниканын, сүзүүчү каражаттардын жана башка жабдуунун | Өткөн аттестациянын | Кийинки аттестациянын |
| |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоо эрежелерине 2-тиркеме |
Форма
Каттоо (кагаз түрүндө жүргүзүлөт)
№ | Каттоо номери | Түзүлүштүн аталышы | Аткарылуучу иштердин негизги түрлөрү | Юридикалык дарек, телефон | Жетекчинин аты-жөнү, телефон | Каттоо үчүн негиз, күбөлүктүн номери | Өздүк курамдын саны | Техниканын саны | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоо эрежелерине 3-тиркеме |
Арыз
Авариялык-куткаруу кызматын (авариялык-куткаруу түзүлүшүн) каттоону суранабыз ________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(уюштуруу-укуктук формасын, дарегин, байланыш телефондорун көрсөтүү менен толук/кыскартылган аталышы)
ӨКК жана ӨКТнын аттестациясы жөнүндө маалыматтар _______________________________________
________________________________________________________________________________________
(күбөлүктүн бланкынын номери, номери, күнү)
АКК жана АКТны каттоо жөнүндө кабарлоону __________________________________________________
(индекс жана дарек)
почта аркылуу жөнөтүүнү же арыз ээсине __________________________________ жиберүүнү суранабыз.
Арыз ээси жөнүндө маалыматтар ____________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо), жашаган жеринин дареги жана байланыш телефону)
___________________________ (кызмат орду) | ___________________________ (колу) | _____________________________ (Ф.А.А.) |
20___-жылдын "___" _________________ |
| М.О. (мөөр бар болсо) |
(датасы) |
|
|