Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1-2 Муркут айылы
“Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык токтом кылат: 1.“Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин төрагалыгына 16 (он алты) добушка ээ болгон Каразаков Адилет Мурзаевич шайланды деп эсептелген эсептөө комиссиясынын №1 протоколу бекитилсин. 2.“Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин депутаты Каразаков Адилет Мурзаевич “Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин төрагасы болуп шайланды эсептелсин. 3.Токтомду Юстиция министрлигинин Ош облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына тапшырылсын.
Төрагалык кылуучу: |
Т.Жапарова |