Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1-3 Муркут айылы
“Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык токтом кылат:
1.“Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин төрагасынын орун басарлары болуп айылдык кеңештин депутаттары Нурдинов Бактилек жана Бакирова Нурзат шайланды деп эсептелсин. 2.Токтомду Юстиция министрлигинин Ош облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына тапшырылсын. 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрагалык кылуучу: |
Т.Жапарова |