КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-декабры № 791
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 532 “Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү боюнча 2026–2029-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасына келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 20-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 532 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү боюнча 2026–2029-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 3.101-пункт менен толукталсын:
“
3.101 |
| Гуманитар-дык жардам көрсөтүү боюнча кайрымдуу-лук фондунун ишине көмөк көрсөтүү | 2026-жыл-дын IV квар-талы
| ЭСКММ, ТИМ | Коомдук бирикмелер-дин, ассоциация-лардын, фонддордун жана жеке жактардын мыйзамдар-га каршы келбеген каражатта-рынын чегинде | Этникалык кыргыздар-га жана афган элине гуманитар-дык жардам көрсөтүлдү |
”;
2) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
“
91 | Кайрым-дуулук фонду түзүлдү, гумани-тардык жардам-ды систе-малуу түрдө көрсөтүү камсыз-далды: – түзүл-гөн кайрым-дуулук фонддо-рунун саны; | Бирд. | – | 1 | – | – | – | 1 | ЭСКММ, ТИМ | ЭСКММ |
– жетки-рилген гумани-тардык жардам-дын саны | Тонна | – | Факт боюн-ча | Факт боюн-ча | Факт боюн-ча | Факт боюн-ча | Факт боюн-ча | ЭСКММ, ТИМ | ЭСКММ |
”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |