Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-декабры № 794
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-ноябрындагы № 713 “Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контроль жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кошумча ыйгарым укуктарды берүү максатында, “Баа түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-ноябрындагы № 713 “Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контроль жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контроль жүргүзүүнүн тартибинде:
– 31-пункттун 6-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“6) ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу белгилеринин, анын ичинде бааларды мамлекеттик жөнгө салуу колдонулган мезгилде аныкталышы.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |