Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1-4 Муркут айылы
Кезектеги III Элдик Курултайга Төөлөс айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Төөлөс айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2024-жылдын 1-октябрындагы № 2 чечимине негиз токтом кылат:
1.Төөлөс айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны Муркут айылындагы маданият үйүндө 2024-жылдын 7-декабрь күнү саат 10-00 дө өткөрүлсүн.
2.Төөлөс айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын айылдын жашоочуларынын санына жараша катышуучулардын нормасы 150 болуп бекитилсин (1-тиркеме тиркелет).
3.Жергиликтүү жамааттардынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин (2-тиркеме тиркелет).
4.Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (3-тиркеме тиркелет) (мындан ары – Жумушчу топ).
5.Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча айыл аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык айылдык кеңештин депутаттары бекитилсин (4-тиркеме тиркелет).
6.Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу иштери, ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басарлары Б. Нурдиновко жана Н. Бакировага милдеттендирилсин.
Төрагалык кылуучу: |
Т.Жапарова |