Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1-7 Муркут айылы
“Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине караштуу Кеңеш айылындагы 75 орундуу балдар-бакчасынын технологиялык өрт боюнча сигнал берүүчү жабдуулар, өрткө каршы щит, 40-10/0,4 КТП сырткы электр жабдууларын сатып алуу жана орнотуу” долбоорунун өздүк салымы жөнүндө
Төөлөс айыл аймагына караштуу Кеңеш айылындагы 75 орундуу балдар бакчасынын технологиялык өрт боюнча сигнал берүүчү жабдуулар, өрткө каршы щит, 40-10/0,4 КТП сырткы электр жабдууларын сатып алуу жана орнотуу” долбоорун ишке ашырууда долбоорду өздүк салымы менен камсыз кылуу максатында айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1.Төөлөс айыл аймагына караштуу Кеңеш айылындагы 75 орундуу балдар бакчасынын технологиялык, өрт боюнча сигнал берүүчү жабдуулар, өрткө каршы щит, 40-10/0,4 КТП, сырткы электр жабдууларын сатып алуу жана орнотуу” долбоорун ишке ашырууда өздүк салымы үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Жергиликтүү бюджеттин эсебинен белгиленген суммада акча каражатын өз мөөнөтүндө ажыратып берилүүсүн камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын..
Төрага |
А.Каразаков |