Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-декабры №2-2 Муркут айылы
“Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Респубикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 06.12.2024. № 01-25/330 буйругуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине негиз айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Респубикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 06.12.2024. № 01-25/330 буйругуна негиз “Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин жаңы редакцияланган Регламентин бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Регламенттин негизинде иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, мандат, этика, укук жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Каразаков |