Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-декабры №3-1 Муркут айылы
Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамына талапкер көрсөтүү жөнүндө
Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамына талапкер көрсөтүү боюнча маселени карап жана талкуулап “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1.Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамына талапкер көрсөтүү боюнча Төөлөс айыл аймагынын тургундарынын протоколунун негизинде, Топчубаева Чолпон Эркебаевнанын талапкерлиги сунушталсын.
2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Каразаков |