Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-январы №4-1 Муркут айылы
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жана 2026-2027–жылдарга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджеттин божомол долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашалары 43073500 (кырк үч миллион жетимиш үч миң беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин. 2.2025-жылга Төөлөс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 2025-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц фондго чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3.Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолунун негизги көрсөткүчтөрү №2; №3 тиркемелерине ылайык колдоого алынсын.
4.Кирешенин болжолу 2026-жылга 44 905,2 (кырк төрт миллион тогуз жүз беш миң эки жүз) сомго республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 13 271,2 (он үч миллион эки жүз жетимиш бир миң эки жүз ) сом менен жана 2027- жылга 47 214,2 (кырк жети миллион эки жүз он төрт миң эки жүз) сомго Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 13271,2 (он үч миллион эки жүз жетимиш бир миң эки жүз ) сом эсебинде белгиленсин.
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин. 5.Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын. 6.Айылдык, бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын. 7.Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде эгерде бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө, киреше бөлүгүнүн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого.
8.2025-жылда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарын ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.
9.Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык, экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
10.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Каразаков |