Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-январы №4-2 Муркут айылы
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарба жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө
“Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен айыл чарба жана коммуналдык чарбаларга жана айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында бөлүнүүчү каражаттар жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 102-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарба жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Тешебаеванын билдирүүсү жактырылсын.
2.Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарба жана коммуналдык чарбаларга акча каражатынын бөлүнүшү алымча кошумчалары менен колдоого алынсын.
3.Жергиликтүү бюджеттен каралган мекеме ишканалардын финансы каражаттарын сарамжалдуу пайдалануусун көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовко жана ФЭБ башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Каразаков |