Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-январы №4-3 Муркут айылы
Төөлөс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаты жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1- январына карата эсебинде калган калдык каражатын, иштелип чыгылган долбоорго ылайык, айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу коммиссиясы тарабынан карап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.2025-жылдын 1- январына карата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине калган калдык каражаттын эсебинен чыгашалары боюнча багыттар планы аныкталсын.
2.Төөлөс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүмүндөгү бекитилген суммага 2025-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдык каражатты кошуп каржылоосу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовко жана ФЭБ башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Каразаков |