Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-январы №4-4 Муркут айылы
Төөлөс айыл аймагындагы мекеме- ишканалардын керектелүүчү электр энергиясынын лимитин бекитүү жөнүндө
Төөлөс айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын электр энергиясына болгон керектөөчү лимиттерин бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Тешебаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Төөлөс айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын электр энергиясына болгон керектөөчү лимиттери сунуштамага ылайык бекитилсин.
2.Төөлөс айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын электр энергиясына болгон керектөөчү лимиттеринин сакталышына жана ашыкча пайдалануусуна жол бербөөнү көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Каразаков |