Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-январы №4-5 Муркут айылы
Төөлөс жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
“Төөлөс жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндөгү маалыматы менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга карата түзүлгөн бюджетинин долбоору жактырылсын жана 1 156 800 (бир миллион бир жүз элүү алты миң сегиз жүз) сом эсебинде бекитилсин.
2. Белгиленген акча каражатын көрсөтүлгөн багыттар боюнча жумшоо жагы жайыт комитетинин төрагасы М. Төрөевке милдеттендирилсин.
3. Белгиленген акча каражатын максаттуу пайдаланышына көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Тешебаевага тапшырылсын.
Төрага |
А.Каразаков |