Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-январы №5-1 Муркут айылы
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү, Ош областынын Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү, Ош областынын Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жөнүндөгү билдирүүсү менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жөнүндөгү билдирүүсүндөгү айтылган сын-сунуш, кемчилдиктерди мыйзам чегинде иш алып барып четтетүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Тешебаевага тапшырылсын .
3. Токтомдун аткарылышын алуу көзөмөлдөө жагы «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Каразаков |