Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-январы №5-2 Муркут айылы
Төөлөс айыл аймагындагы калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруудагы жыйымдын наркы жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын калктуу конуштарынан таштандыларды ташып чыгаруудагы жыйымдын наркы тууралуу ФЭБ башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, КР “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү” Кодексинин 24-главасынын 74 жана 75 - беренелерине негиз Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагындагы жергиликтүү калктын таштанды салыгы үчүн нарктын төлөмү ар бир кожолукка 2025-жылдын 1-январынан тартып 150 (жүз элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Төөлөс айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактар, ишкердик үчүн арналган имараттардын ээлери иштеген жумушчулардын санына карата ар бир жумушчуга 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлери, таштанды жыйымын жыйноону 2025-жылдын 25-апрелинен кечиктирбестен аяктоо иштерин колго алышсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Каразаков |