Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-январы №5-3 Муркут айылы
Төөлөс айыл аймагынын жерлерине мүлк (жер) салыгынын зоналдык коеффициентин бекитүү жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерине, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерине мүлк (жер) салыгынын зоналдык коеффициентин бекитип берүү жөнүндөгү ФЭБ башчысынын маалыматы менен таанышып жана талкуулап, Салык Кодексинин 401 жана 404- беренелерине ылайык Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Төөлөс айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерине, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерине мүлк (жер) салыгынын зоналдык коеффициенти Кз – 1,108 өлчөмүндө бекитилсин.
2.Төөлөс айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан белгиленген өлчөм менен өндүрүү иштерин алып барууга милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Каразаков |