Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-январы №5-4 Муркут айылы
Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлүп берилген мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Төөлөс айыл аймагындагы Жайылма, Додоң, Ай Тамга айылдарынын тургундарынын Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлүп берилген мамлекеттик фондунун жерлеринин, табигый кырсыктардын (сел, кургакчылык,шамал) кесепеттеринен улам түшүмдүүлүк начар болуп жаткандыгын эске алып, белгиленген ижара акысынын наркын төмөндөтүп бекитип берүү жөнүндөгү арыздары менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4- пунктчасына ылайык Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Төөлөс айыл аймагындагы Жайылма, Додоң, Айтамга айылдарынын тургундарынын Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлүп берилген кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмү боюнча жазган арыздары канаатандырылсын.
2.Төөлөс айыл аймагындагы Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлүп берилген кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмү К-10 коеффициент өлчөмүндө белгиленсин.
3.Токтомду аткарууга алуу жагы Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
А.Каразаков |