Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-январы №6-3 Муркут айылы
Төөлөс айыл аймагындагы, участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) резервдеги курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Төөлөс айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) резервдеги курамын бекитүү максатында Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Төөлөс айыл аймагындагы, участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамдары, сунушталган тизмелерге ылайык бекитилсин.
2.Участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамы боюнча тизмелерин Аймактык Шайлоо Комиссиясына сунуштоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук, мандат, укук, этика жана дин иштери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Каразаков |