Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-январы №6-4 Муркут айылы
“Шералиев Эргеш-Ата” көчөсүн кайра атоо жөнүндө
Жайылма айылынындагы “Шералиев Эргеш-Ата” көчөсү, (Шамшиев) Эргеш- Ата көчөсү деп катачылык менен катталып калгандыгы, жана ошол катаны оңдоп кайрадан Шералиев Эргеш-Ата көчөсү деп өзгөртүп берүү жөнүндөгү И. Шералиевдин арызы менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жайылма айылынындагы “Шералиев Эргеш-Ата” көчөсү - “Шамшиев Эргеш- Ата” көчөсү деп катачылык менен катталып калгандыгына байланыштуу кайрадан “Шералиев Эргеш-Ата” көчөсү деп өзгөртүлсүн.
2.Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук бөлүмүнөн жаңыдан аталган көчөнү кайра каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Д. Балтабаевке милдеттендирилсин.
3.Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү өзүнүн маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, мандат, укук, этика жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Каразаков |