Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-январы №6-5 Муркут айылы
Төөлөс айыл аймагынын жайыттарына башка аймактардан келген мал жандыктарына салынуучу салык төлөмүнүн өлчөмү жөнүндө
Төөлөс айыл аймагына караштуу жайыт жерлерине башка аймактардан мал жандыктар көп келип жаткандыгы жана аларга карата салык төлөмдөрүнүн наркы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Төөлөс айыл аймагына караштуу жайыт жерлерине башка аймактардан келген мал жандыктардын ветеринардык учету көзөмөлгө алынсын жана салык төлөмдөрүнүн наркы 1000 (миң) сом эсебинде белгиленсин.
2.Төөлөс айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы жана вет инспектору тарабынан көзөмөл өткөрүү пунктунда тиешелүү иштерди алып баруу жагына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин“Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин“Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
А.Каразаков |