БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 31-мартындагы № 33
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынынубактылуу милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевдин жазган сунуштамасы жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевдин жазган сунуштамасы канааттандырылсын.
2. Кара-Ой айылынын тургуну, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Асыранов Жангазы Бакасовичке Бекмолдо айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, көп жылдык талыкпаган үзүрлүү эмгеги үчүн “Бекмолдо айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| С.Осмонов |