Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-декабры № 793
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 2-сентябрындагы № 481 “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу процессин автоматташтыруу максатында, “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 20-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 481 “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Санарип аймак” АМС аркылуу маалыматтарды топтоо, сактоо, иштеп чыгуу, издөө, пайдалануу, берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу, туруктуу негизде маалыматтарды жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын электрондук паспорту” модулун актуалдаштырууну камсыз кылуу сунушталсын.”;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жободо:
– 4-пунктта:
9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9) “Санарип аймак” АМСтин пайдалануучулары – “Санарип аймак” АМCке тиешелүү кирүү мүмкүндүгү бар жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн пландаштыруунун жана болжолдоонун комплекстүү системасын иштеп чыгууга, “Санарип аймак” АМСке маалыматтарды жүргүзүүгө жана актуалдаштырууга жана/же отчетторду жана чыгуу формаларын түзүүгө жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү муниципалдык кызматчылары, мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматчылары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери;”;
11-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– муниципалдык статистиканы жүргүзүү максатында маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо үчүн ыйгарым укуктуу жана “Санарип аймак” АМСтин “Үй чарбаларды эсепке алуунун электрондук китеби” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын электрондук паспорту” модулдарынын жеке эмес маалыматтар базасына кирүү укугу бар борбордук аппараттын же ведомстволук бөлүмдүн мамлекеттик кызматчысы;”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 16–18-пунктчалар менен толукталсын:
“16) региондук өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын адиси – аткаруу бийлигинин органынын борбордук аппаратынын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландаштыруунун, болжолдоонун жана талдоонун комплекстүү системасын иштеп чыгуу процессин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн “Социалдык-экономикалык пландаштыруунун комплекстүү системасы” модулуна жеткиликтүүлүк берилген мамлекеттик кызматчысы;
17) облустагы, райондогу социалдык-экономикалык абалды жана коомдук-саясий кырдаалды пландаштыруунун, болжолдоонун, мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун комплекстүү системасын иштеп чыгуу процессин жүргүзүү үчүн “Социалдык-экономикалык пландаштыруунун комплекстүү системасы” модулуна жеткиликтүүлүк берилген жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адиси;
18) социалдык-экономикалык пландаштыруунун комплекстүү системасы – башкаруунун бардык деңгээлдеринде, анын ичинде региондук жана жергиликтүү деңгээлдеги өнүктүрүү пландарында пландаштыруу процесстеринин биримдигине жана бүтүндүгүнө негизделген, социалдык, экономикалык, мейкиндик жана экологиялык талаптарды бириктирген пландаштыруу системасы.”;
– 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8–10-пунктчалар менен толукталсын:
“8) жергиликтүү, региондук деңгээлде пландаштыруу, болжолдоо үчүн маалыматтарды чогултууну жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрү боюнча бирдиктүү маалыматтар базасынын негизинде жалпыланган маалыматтарды түзүүнү камсыз кылуу;
9) социалдык-экономикалык пландаштыруу процесстеринин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана мамлекеттик органдардын маалыматтык-аналитикалык ишин автоматташтыруу;
10) аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жөнүндө толук, ыкчам жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу.”;
– 9-пунктта:
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5) “Муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестри”;”;
төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
“6) “Социалдык-экономикалык пландаштыруунун комплекстүү системасы”.”;
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11. “Санарип аймак” АМСтин модулдарын толтуруунун шарттары, ырааттуулугу, тартиби жана аларды пайдалануу жергиликтүү өз алдынча башкаруу, социалдык камсыздоо, региондук өнүктүрүү жана расмий статистика чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийликтин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аныкталат.”;
– 19-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) чечимдерди кабыл алуу, саясатты иштеп чыгуу, жергиликтүү деңгээлде аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландаштыруу, болжолдоо жана талдоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн “Санарип аймак” АМСтин маалыматтарын пайдаланууга;”;
– 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“23. “Жакыр жашаган үй-бүлөнүн социалдык паспорту”, “Үй чарбаларын эсепке алуунун электрондук китеби”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын электрондук паспорту” жана “Социалдык-экономикалык пландаштыруунун комплекстүү системасы” модулдарына маалыматтарды түзүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү эмгек жана социалдык камсыздоо, расмий статистика жана региондорду өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органга жиберген сунуштарынын негизинде жүргүзүлөт.”;
– 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“27. Расмий статистиканы жүргүзүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга “Санарип аймак” АМСтин маалыматтарынын негизинде расмий статистикалык жыйынды маалыматтарды өндүрүү максатында “Санарип аймак” АМСтин маалыматтар базасынан жеке эмес маалыматтарга жетүү мүмкүндүгү берилет. Региондорду өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органына аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландаштыруу, болжолдоо жана талдоо процессин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн “Санарип аймак” АМСтен жыйынды маалыматтарга жетүү мүмкүндүгү берилет.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |