Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 17
2011-жылдын 29-ноябрындагы Сретенка айыл өкмөтүнүн жана «Терра
компани» ачык акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн жер участокту
ижара алуу боюнча келишимин жарактуу деп таануу жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун Сретенка айылынын Центральная №202/3 дарегинде жайгашкан, ижара акысы 30 000(отуз миң) сомду түзгөн 2011-жылдын 29-ноябрындагы Сретенка айыл өкмөтүнүн жана «Терра компани» ачык акционердик коомунун ортосунда жер участогун ижарага берүү боюнча келишим түзүлгөнү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» №370 Жарлыгынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-июлундагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө» №128 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын нормаларынын негизинде, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2011-жылдын 29-ноябрындагы Сретенка айыл өкмөтүнүн жана «Терра компани» ачык акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн жер участокту ижара алуу боюнча келишими жарактуу деп таанылсын.
2. 2011-жылдын 29-ноябрындагы Сретенка айыл өкмөтүнүн жана «Терра компани» ачык акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык Чүй облусу Москва району Сретенка айылы Центральная көчөсү №202/3 дарегинде жайгашкан жер участокту “Терра Компани” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан пайдаланылып жаткандыгы белгиленсин.
3. 2011-жылдын 29-ноябрындагы келишимдин шарттары боюнча Миң-Булак айыл өкмөтү менен “Терра Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда жаңы келишим түзүлсүн.
4. Инфляцияны эске алып ижаранын өлчөмүн карап чыгып, ижара акысы ай сайын 4500 (төрт миң беш жүз) сом деп белгиленсин.
5. “Терра Компани” жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлөн ижара келишиминин шарттарынын аткарылышын жана тараптардын милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруу Миң-Булак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. “Терра Компани” жоопкерчилиги чектелген коому жаңы административдик чек араларды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен зарыл учурда ижара келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |