Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 18
Бюджеттик акча каражаттарды жылдыруу жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун бюджеттик акча каражаттарды жылдыруу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Александровка айылдык кеңеши менен 2024-жылга бюджетти бекитүүдө «мектепке чейинки билим берүү» 70911 бөлүгү боюнча акча каражат каралбагандыгына байланыштуу бюджеттик каражаттар боюнча көмүргө төлөө үчүн чыгаша бөлүгүндө каражаттар төмөндөгүдөй жылдырылсын:
2222 статьясынан 22221200 элементинен -14700
2224 статьясына 22241100 элементине +14700
БАРДЫГЫ 14700 миң сом
2. 70111 «Аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары» бөлүмү бюджеттик каражаттар боюнча күнүмдүк чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу үчүн акча каражаттар жылдырылсын:
2215 статьясынан 22154900 элементинен -129500
2222 статьясына 22221200 элементине +129500
БАРДЫГЫ 129500 миң сом
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төрайым | Асадова А.К. |