Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 4-декабры № 419
Эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, анын Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн улуттук артыкчылыктарына шайкештигин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) курамы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Комиссиянын иш регламенти 3-тиркемеге ылайык.
2. Комиссиянын катчылыгынын функциялары, анын ичинде төмөнкүлөр экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн:
1) Комиссиянын ишин уюштуруучулук камсыз кылуу;
2) келип түшкөн өтүнмөлөрдүн Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлдеги стратегиялык документтерине шайкештигин алдын ала кароо.
3. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамды алуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, атайын статусу бар мамлекеттик органдар, министрликтер жана ведомстволор, мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары эл аралык гранттык жана техникалык жардамды алуу жөнүндө бардык сунуштарды милдеттүү тартипте Комиссиянын катчылыгынын кароосуна жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана сот органдарына эл аралык гранттык жана техникалык жардамды алуу жөнүндө сунуштарды Комиссиянын катчылыгынын кароосуна жиберүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана мекемелери алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине 1991-жылдан тартып азыркы мезгилге чейин ишке ашырылган эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлору жөнүндө маалымат берсин.
6. Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө үч айлык мөөнөттө 1991-жылдан тартып азыркы мезгилге чейин ишке ашырылган эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлору жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына берүү сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнөн ушул тескеменин 6-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты ыкчам алууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына зарыл болгон көмөк көрсөтсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте алты айлык мөөнөттө 1991-жылдан тартып азыркы мезгилге чейин ишке ашырылган гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлору жөнүндө алынган маалыматтарды санариптештирүү боюнча ишти жүргүзсүн.
9. Комиссиянын чечимдери эл аралык гранттык жана техникалык жардамды тартуу процессинде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат деп белгиленсин.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.
11. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин тышкы жардам маселелерин тескеген орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын тармактык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин мамлекеттик инвестициялар маселелерин тескеген орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин экономикалык дипломатия маселелерин тескеген орун басары.