Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Төөлөс айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 24-сессиясы

 

2024-жылдын 11-январы №24-3  Муркут айылы

Төөлөс айылдык кеңешинин депутаттарынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө

Төөлөс айылдык кеңешинин депутаттарынын шайлоочулардын арыздарын аткарууну камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык жактан өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында токтом кылат:

1.Төөлөс айылдык кеңешинин депутаттарынын аткарган иштери жөнүндөгү Төөлөс айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары

З.Толоновдун, К.Досматовдун, А.Мамасалиевдин жана төрайымдары

Ж.Кабылованын, Н.Бакированын, билдирүүлөрү эске алынсын.

2.Төөлөс айылдык кеңешинин депутаттарына Төөлөс айыл өкмөтүнүн социалдык, маданий, экономикалык жактан өнүгүүсүнө ар тараптан көмөк көрсөтүү айылдык кеңештин депутаттарына сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төөлөс айылдык кеңешинин

туруктуу комиссияларынын төрагалары, төрайымдары Ж.Кабыловага,

Н. Бакировага , З. Толоновго, К. Досматовго, А. Мамасалиевге жүктөлсүн

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

З.Жороев