Загрузка документа…
Көңүл бурунуздар!
Ушул токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана
2026-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-декабры № 2025-П-12/64-5-(ПС)
Акча которуулар боюнча комиссиялык сый акы алууга убактылуу
чектөө киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 41 жана 64-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- Кыргыз Республикасынын ичинде мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу улуттук валютада акча которуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн кардарлар-жеке жактардан комиссиялык сый акы (комиссия) алууга тыюу салынат;
- эсеп ачуусуз эл аралык акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган акча которууларды Кыргыз Республикасынын аймагында алууда акча которууларды алуучулардан комиссиялык сый акы алууга тыюу салынат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын комиссиялык сый акыларды (комиссияларды) алууну жөнгө салган ченемдик укуктук актыларынын ушул токтомго карама-каршы келбеген бөлүктөрүнүн талаптары коммерциялык банктарга, төлөм уюмдарына жана эл аралык акча которуу системаларынын операторлоруна жайылтылары белгиленсин.
3. Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана 2026-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
2025-жылдын 3-декабрында https://www.nbkr.kg/contout.jsp?item=2145&lang=KGZ&material=129174 расмий сайтында жарыяланды
4. Башкарманын катчылыгы бөлүмү токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, Санарип финансылык технологиялар башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 23-октябрындагы № 2024-П-14/55-1-(ПС) «Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.
6. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
7. Көзөмөл методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан Банктарынын Союзу» ЮЖБны, «KG төлөм системаларынын операторлор ассоциациясы» ЮЖБны, коммерциялык банктарды, төлөм уюмдарын жана эл аралык акча которуу системаларынын операторлорун тааныштырсын.
8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | М. Тургунбаев |