Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Төөлөс айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 24-сессиясы

 

2024-жылдын 11-январы №24-6  Муркут айылы

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата эсебиндеги калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1- январына карата эсебинде калган калдык каражатын иштелип чыгылган долбоорго тиешелүү мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда, айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу коммиссиясы тарабынан карап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-беренесинин 5- пунктуна ылайык токтом кылат:

1.2024-жылга Төөлөс айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүмүнө 5080.0 (беш миллион сексен миң) сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2.2024-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетине 1- январга калган калдык каражаттын эсебинен чыгашалары боюнча багыттар планы №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

3.Төөлөс айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүмүндөгү бекитилген суммага 2024-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдык каражатты кошуп каржылоосу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго, жана каржы экономика бөлүм башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

З.Жороев