Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 419 тескемесине) |
Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн Кыргыз Республикасына келип түшүүчү эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, каттоо, мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, атайын статусу бар мамлекеттик органдарга, сот органдарына, министрликтерге жана ведомстволорго, мамлекеттик комитетке, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдарга, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жайылтылат.
3. Ушул Жобонун максаты өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн Кыргыз Республикасына келип түшүүчү эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнү жакшыртуу болуп саналат.
4. Ушул Жобонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо механизмин түзүү;
2) эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү процессин тартипке келтирүү жана системалаштыруу;
3) эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу.
5. Ушул Жобо бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган координациялоону жүргүзгөн мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун даярдоого түздөн-түз багытталган эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлоруна, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн Кыргыз Республикасына келип түшүүчү шашылыш, гуманитардык, аскердик жана азык-түлүк жардамына, улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган жардамга жана өзгөчө жардамга жайылтылбайт.
6. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) долбоордун кайталанышы - эл аралык донорлор тарабынан каржыланган эки же андан көп долбоордун бир эле чөйрөдө жана региондо окшош максаттары, милдеттери, ишке ашыруу методдору жана максаттуу топтору бар кырдаал, бул ресурстарды ашыкча пайдаланууга, жардамды натыйжасыз бөлүштүрүүгө жана функциялардын мүмкүн болуучу кесилишине алып келет;
2) аткаруу агенттиктери - эл аралык гранттык жана техникалык жардам алуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, атайын статусу бар мамлекеттик органдар, сот органдары, министрликтер жана ведомстволор, мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары;
3) Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу боюнча комиссия - Кыргыз Республикасына акысыз негизде берилүүчү эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү координациялык орган (мындан ары - Комиссия);
4) өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөш - чет мамлекет (анын административдик-аймактык бирдиги) же эл аралык финансылык уюм, анын өкүлчүлүгү же болбосо ушул мамлекет жана уюм тарабынан ыйгарым укук берилген, эл аралык гранттык жана техникалык жардамды берүүчү эл аралык укуктун субъекти;
5) эл аралык гранттык жана техникалык жардам - изилдөөлөрдү жүргүзүү, адистерди жиберүү, тажрыйба жана технологияларды өткөрүп берүү, жабдууларды жана башка товарларды (мүлктү) берүү аркылуу, ошондой эле семинарларды, конференцияларды уюштуруу жана/же өткөрүү, куруу, реконструкциялоо, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр тарабынан консультациялык кызмат көрсөтүүлөр формасында социалдык жана экономикалык кайра түзүүлөргө колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасына акысыз берилүүчү жардамдын түрү;
6) эл аралык региондук долбоор - жалпы социалдык-экономикалык, экологиялык, маданий милдеттерди чечүүгө багытталган, белгилүү бир региондун бир нече өлкөсүндө ишке ашырылуучу эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорунун түрү;
7) мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук - эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн мезгил-мезгили менен көзөмөлдөө, долбоордун максаттарына жетүү үчүн долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү, аткаруу агенттиги тарабынан эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорунун учурдагы статусу жана аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетту белгиленген мезгилде үзгүлтүксүз негизде даярдоо;
8) долбоордун паспорту - ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн, эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоору жөнүндө негизги маалыматты камтыган аткаруу агенттиги тарабынан демилгеленген документ;
9) долбоордун презентациясы - аткаруу агенттиги тарабынан даярдалган, долбоордун максаттарынын жана милдеттеринин сыпаттамасын, күтүлүүчү натыйжалардын актуалдуулугун, ишке ашыруу механизмин, талап кылынган каржылоонун көлөмүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтерине жана тиешелүү чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына шайкештигин камтыган документ;
10) долбоордук жабдуулар - консультанттар, подрядчылар же башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорун ишке ашыруу жана анын максаттарына жетүү үчүн пайдаланылуучу техника, жабдуу же башка товарлар;
11) эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорунун реестри - ар түрдүү демилгелерди ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардан, өнүктүрүү боюнча көп тараптуу жана эки тараптуу өнөктөштөрдөн алынган гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлору жөнүндө маалымат топтолгон маалыматтар базасы;
12) Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу боюнча комиссиянын катчылыгы - бирдиктүү мамлекеттик экономикалык жана региондук саясатты, эл аралык гранттык жана техникалык жардамды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүргүзүүчү экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Комиссиянын катчылыгы).
2-глава. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо тартиби
7. Комиссиянын катчылыгы ушул Жободо белгиленген тартипте эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялайт.
8. Аткаруу агенттиги Комиссиянын катчылыгына төмөнкү документтердин пакетин берет:
1) долбоордун презентациясы (долбоордун актуалдуулугун, анын өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына шайкештигин жана билдирилген максаттарды ишке ашыруу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү менен);
2) долбоордун паспорту (долбоордун максаттарын жана милдеттерин, максаттуу топторун (бенефициарларын), актуалдуулугунун жана социалдык маанисинин негиздемесин, күтүлүүчү натыйжаларды, ишке ашыруу планын, бюджетин, ошондой эле арыз берүүчү уюм жана анын тажрыйбасы жөнүндө маалыматтарды камтыган долбоордун кыскача сыпаттамасы);
3) бул чөйрөдө мурда ишке ашырылган долбоорлор жөнүндө маалымат (долбоордун аталышы, максаттары жана милдеттери, ишке ашыруунун сыпаттамасы, алынган натыйжалар, аткаруу мөөнөттөрү, бюджети, тартылган ресурстар жана тажрыйбадан алынган негизги сабактар).
9. Комиссиянын катчылыгы берилген документтерди карайт жана эгерде эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорунун наркы 300000 (үч жүз миң) АКШ долларынан аз болсо (же долбоор берилген датада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютага эквиваленттүү сумма), долбоорду ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу тууралуу корутундуну даярдайт жана аны Комиссиянын кароосуна чыгарбастан аткаруу агенттигине жиберет.
Эгерде эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорунун наркы 300000 (үч жүз миң) АКШ доллары жана андан жогору болсо (же долбоор берилген датада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютага эквиваленттүү сумма), Комиссиянын катчылыгы долбоорду даярдалган позиция менен Комиссиянын кароосуна жиберет.
10. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоору боюнча позиция Комиссиянын катчылыгы тарабынан төмөнкү маалыматтардын негизинде даярдалат:
1) долбоордун Кыргыз Республикасынын улуттук программаларына жана стратегияларына же тиешелүү сектордук өнүктүрүү стратегиясына шайкештиги;
2) долбоордун андан ары туруктуулугун камсыз кылуу;
3) тиешелүү чөйрөдөгү кайталанган долбоорлордун жоктугу.
11. Комиссия наркы 300000 (үч жүз миң) АКШ долларын түзгөн же андан жогору (же долбоор берилген датада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютага эквиваленттүү сумма) эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун карайт жана жактырат.
12. Документтердин толук пакети гана кароого кабыл алынат.
13. Комиссиянын катчылыгы Комиссиянын жыйналышынын документтеринин пакетин түзөт жана аны зарыл болгондо кароосуна киргизет.
14. Долбоор Комиссия тарабынан толуктап иштеп чыгуу үчүн кайтарылган учурда демилгечи Комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн сын-пикирлерди жоюуга, сунуштарды эске алууга жана долбоорду кайрадан кароого киргизүүгө укуктуу.
3-глава. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун каттоо тартиби
15. Долбоор Комиссия тарабынан жактырылган учурда ушул Жобонун тиркемесине ылайык формалар боюнча андан ары каттоого жана отчеттуулукка алынууга тийиш.
16. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун каттоо Комиссиянын катчылыгы тарабынан жүргүзүлөт.
17. Комиссиянын катчылыгы эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбооруна каттоо номерин ыйгарат жана аны эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорунун реестрине (мындан ары - реестр) төмөнкү категориялар боюнча киргизет:
1) каржылоонун белгилүү бир булагы менен жактырылган долбоорлор;
2) каржылоо булагы жок жактырылган долбоорлор;
3) четке кагылган долбоорлор.
18. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын жактырылган долбоорлору боюнча маалымат Комиссиянын катчылыгынын расмий сайтына жайгаштырылат.
19. Реестрди жүргүзүү ушул Жобого ылайык Комиссиянын катчылыгы тарабынан жүзөгө ашырылат.
20. Инфраструктурага жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуу системасына тиешелүү долбоорлор ишке ашырылган учурда аткаруу агенттиги долбоорду Комиссиянын кароосуна киргизгенге чейин 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү мамлекеттик органга жана долбоор жүргүзүлүүчү аймактагы жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жазуу жүзүндө кабарлайт.
21. Эл аралык регионалдык долбоорлор ушул Жобого ылайык реестрде катталат.
22. Гранттык жана техникалык жардамдын долбоору аяктагандан кийин долбоордук жабдууларды өткөрүп берүү өзүнчө техникалык жардам катары каралбайт, реестрде катталбайт.
4-глава. Аткаруу агенттиктери тарабынан мониторинг жүргүзүү жана отчет берүү тартиби
23. Аткаруу агенттиги мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетту квартал сайын (отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык Комиссиянын катчылыгына берет.
24. Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүү жана отчет берүү аткаруу агенттигинин компетенциясы болуп саналат.
25. Мониторинг жүргүзүү жана отчет берүү төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жана долбоорду ишке ашыруунун жетишилген натыйжалары жөнүндө маалыматтарды;
2) долбоорду ишке ашыруу графиктерин жана ага байланышкан пландалган аралыктагы натыйжаларды сактоону;
3) долбоорду ишке ашыруунун талаптагыдай сапатын камсыз кылууну жана долбоор үчүн пландалган күтүлүүчү натыйжаларга жетүүнү;
4) долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө көйгөйлөрдү аныктоону жана аларды чечүү жолдорун.
26. Аткаруу агенттиги төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) долбоор боюнча документтердин пакетин демилгелөө жана даярдоо;
2) долбоордун бардык пландалган натыйжаларына өз убагында жетүү;
3) максатка жетүү предметине мониторинг жүргүзүү жана долбоорду ишке ашыруу жөнүндө отчет берүү;
4) долбоордун социалдык жана экономикалык таасирин аныктоо үчүн зарыл болгон дайындарды жана маалыматтарды даярдоо;
5) долбоорду сапаттуу ишке ашыруу;
6) долбоордун аяктагандыгы жөнүндө отчетторду Комиссиянын катчылыгына берүү;
7) долбоор жөнүндө тиешелүү маалыматты камтыган эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлору боюнча ведомстволук маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү.
5-глава. Корутунду жоболор
27. Долбоор аяктагандан кийин аткаруу агенттиги долбоор аяктаган датадан тартып үч айдан кечиктирбестен ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн жетишилген натыйжалар жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту Комиссиянын катчылыгына берет.
28. Аткаруу агенттиги тарабынан аралык отчет берилбеген учурда Комиссиянын катчылыгы тийиштүү чараларды көрүү үчүн Комиссияга тиешелүү маалыматты киргизет.
29. Аткаруу агенттиги тарабынан үч айдын ичинде жыйынтыктоочу отчет берилбеген учурда Комиссиянын катчылыгы тийиштүү чараларды көрүү үчүн Комиссияга тиешелүү маалыматты киргизет.
30. Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары Комиссия жана Комиссиянын катчылыгы тарабынан тиешелүү чөйрөдө жаңы долбоорлорду кароодо эске алынат.
31. Комиссия жана Комиссиянын катчылыгы аткаруу агенттигинен эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлору жөнүндө кошумча маалыматты суроого укуктуу.
32. Комиссиянын катчылыгы жылдын жыйынтыгы боюнча эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын аяктаган долбоорлору жөнүндө маалыматты Комиссиянын кароосуна киргизет.
33. Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштүн иши токтотулган же өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштүн демилгеси боюнча долбоор токтотулган учурда аткаруу агенттиги үч айдын ичинде Комиссиянын катчылыгына тиешелүү кабарламаны жиберет.
34. Аткаруу агенттигинин жетекчиси долбоорду ишке ашыруу, берилген маалыматтын аныктыгы жана сапаты үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
|
| Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорунун паспорту
№ | Көрсөткүчтүн аталышы |
1 | Долбоордук өтүнмөнүн аталышы |
2 | Аткаруу агенттигинин аталышы |
3 | Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштүн/эл аралык уюмдун аталышы |
4 | Долбоорду ишке ашыруу орду |
5 | Долбоордун максаты жана милдеттери |
6 | Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөш тарабынан долбоор жактырылган дата |
7 | Долбоорду ишке ашыруу мезгили |
8 | Долбоор боюнча маалымат |
9 | Долбоордун жалпы наркы/компоненттер жана чыгымдар категориялары боюнча наркы |
10 | Ченемдик укуктук актылар, анын ичинде ага ылайык долбоорду ишке ашыруу болжолдонгон стратегиялар жана программалар |
11 | Бенефициарлар |
12 | Кыргыз тараптын кошо каржылоосу/салымы |
13 | Аткаруу агенттигинин долбоорунун координатору (фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду, байланыш телефону, электрондук почтасы) |
|
| Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Ар кварталдык отчет
Аткаруу агенттигинин аталышы ____________________________________________________
№ | Көрсөткүчтүн аталышы |
1 | Долбоордук өтүнмөнүн аталышы |
2 | Долбоордун каттоо номери |
3 | Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөш |
4 | Суммасы |
5 | Иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жана долбоорду ишке ашыруунун жетишилген натыйжалары жөнүндө маалымат |
6 | Долбоорду ишке ашыруунун графиктерин жана ага байланыштуу пландалган аралык натыйжаларды сактоо |
7 | Долбоорду ишке ашыруунун талаптагыдай сапатын камсыз кылуу жана долбоор үчүн пландалган күтүлүүчү натыйжаларга жетүү |
8 | Долбоорду иш жүзүндөгү аткаруу маалыматтарын аткаруу этабы үчүн пландалган натыйжалуулук көрсөткүчтөрү менен салыштырып кароо |
9 | Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө аныкталган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору |
10 | Тыянактар жана сунуштамалар |
|
| Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Жыйынтык отчет
Аткаруу агенттигинин аталышы _________________________________________________
____________________________________________________________________________
№ | Көрсөткүчтүн аталышы |
1 | Долбоордук өтүнмөнүн аталышы |
2 | Долбоордук өтүнмөнүн каттоо номери |
3 | Өткөрүлгөн иш-чаралар |
4 | Жетишилген натыйжалар |
5 | Тыянактар жана сунуштамалар |