Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-декабрындагы N 419 тескемесине) |
Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу боюнча комиссиянын иш регламенти
1-глава. Жалпы жоболор
1. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасына акысыз негизде берилүүчү эл аралык гранттык жана техникалык жардамды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү координациялык орган болуп саналат.
2. Комиссия алардын Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарына шайкештигин камсыз кылуу максатында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун (мындан ары - долбоорлор) карайт, тандайт жана жактырат.
3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо жөнүндө жобону (мындан ары - Гранттык жана техникалык жардам жөнүндө жобо), ошондой эле ушул регламентти жетекчиликке алат.
2-глава. Комиссиянын милдеттери
4. Комиссия өз ишин мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо, эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу, эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын кайталануусун жана натыйжасыз пайдаланылышын алдын алуу, ошондой эле донорлор менен өз ара аракеттенүүдө бирдиктүү позицияны түзүү максатында жүргүзөт.
5. Комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) долбоорлордун максатка ылайыктуулугун, өнүгүү стратегияларына жана программаларына шайкештигин баалоо аркылуу аларды тартуунун жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
2) мамлекеттин артыкчылыктарына шайкеш келбеген талаптагыдай эмес же кайталанган жардамды алуунун алдын алуу;
3) гранттык жардамды берүү жана ишке ашыруу маселелеринде мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы координацияны камсыз кылуу.
3-глава. Комиссиянын функциялары
6. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) пландалган долбоорлор боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, атайын статусу бар мамлекеттик органдардын, сот органдарынын, министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик комитеттин, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын (мындан ары - мамлекеттик органдар) сунуштарын карайт;
2) сунуштардын төмөнкүлөргө шайкештигин баалайт:
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарына;
- тармактык жана региондук программалардын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетүүгө;
- туруктуу өнүктүрүү максаттарына;
3) долбоорлорду жактыруу, четке кагуу же толуктап иштеп чыгуу боюнча чечимдерди түзөт.
4-глава. Комиссиянын укуктары
7. Комиссия өз функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан анын иши үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды суроого;
2) зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын адистерин, ошондой эле коомдук башталыштагы көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга;
3) зарыл болгон учурда Комиссиянын курамына кирбеген кызыкдар мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген жыйналыштарды өткөрүүгө, ошондой эле тажрыйбаны жана зарыл болгон маалыматты алмашуу максатында атайын ведомстволор аралык семинарларды жана кеңешмелерди уюштурууга;
4) эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе, ушул регламентте каралган башка укуктарды жүргүзүүгө.
5-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу
8. Комиссиянын жыйналыштары алты айда бир жолудан кем эмес күндүзгү формада, ошондой эле зарылдыгына жараша сырттан (жазуу жүзүндөгү добуш берүү аркылуу) өткөрүлөт.
9. Сырттан добуш берүү өлкөнүн жетекчилигинин сапарларына (атап айтканда Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын сапарларына) даярдык көрүүгө байланышкан өзгөчө учурларда, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөш долбоорду сырттан кароо жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылган учурда жүргүзүлөт.
10. Сырттан өткөрүлгөн жыйналышта Комиссиянын чечими бюллетендин формасында (ушул регламентке тиркемеге ылайык) Комиссиянын мүчөлөрүн жазуу жүзүндө сурамжылоо аркылуу кабыл алынат.
11. Жыйналышты Комиссиянын төрагасы, ал жок болгон учурда - Комиссиянын төрагасынын орун басары өткөрөт.
12. Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда жыйналыш мыйзамдуу деп эсептелет.
13. Чечимдер катышкандардын көпчүлүк добушу менен (жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес) ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу аныктоочу болуп саналат.
14. Комиссиянын айрым мүчөлөрү кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда чечимге "өзгөчө пикир" деген белги менен кол коюлат. Өзгөчө пикир Комиссиянын мүчөсү тарабынан анын негиздемесин көрсөтүү менен өзүнчө документ түрүндө таризделет.
15. Комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет, ага төрагалык кылуучу кол коёт жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына жиберилет.
16. Комиссия кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.
17. Комиссиянын чечими төмөнкүлөрдүн негизинде кабыл алынат:
1) долбоордун презентациялары (долбоордун актуалдуулугун, анын өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына шайкештигин жана билдирилген максаттарды ишке ашыруу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү менен);
2) долбоордун паспорту (Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо жөнүндө жобого 1-тиркеме);
3) бул чөйрөдөгү мурда ишке ашырылган долбоорлор боюнча маалымат (долбоордун аталышы, максаттары жана милдеттери, ишке ашыруунун сыпаттамасы, алынган натыйжалар, аткаруу мөөнөттөрү, бюджет, тартылган ресурстар жана тажрыйбадан алынган негизги сабактар);
4) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын позициясы.
18. Долбоорду жактыруу жөнүндө маселени кароодо долбоордун демилгечиси баяндамачы болуп саналат.
19. Комиссия долбоорду кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдерди чыгарышы мүмкүн:
1) долбоорду жактыруу;
2) долбоорду толуктап иштеп чыгууга кайтаруу;
3) долбоорду четке кагуу.
20. Долбоор Комиссия тарабынан толуктап иштеп чыгууга кайтарылган учурда демилгечи 60 (алтымыш) календардык күндүн ичинде Комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн сын-пикирлерди жоюуга, сунуштарды эске алууга жана долбоорду эки жолудан ашык эмес кайра кароого киргизүүгө укуктуу.
21. Долбоор четке кагылган учурда кайра каралбайт.
22. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, маалыматтык жана техникалык камсыз кылууну экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
6-глава. Долбоорлорду Комиссиянын кароосуна киргизүү тартиби
23. Мамлекеттик орган тарабынан долбоорду демилгелөө Гранттык жана техникалык жардам жөнүндө жобого ылайык документтердин толук пакети менен долбоордун паспортун (Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо жөнүндө жобого 1-тиркеме) даярдоо аркылуу жүргүзүлөт.
24. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сунушталган долбоор боюнча корутундуну (позицияны) даярдайт.
25. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоорлордун тизмегин түзөт жана аны Комиссиянын жыйналышынын кароосуна киргизет.
26. Комиссия наркы 300000 (үч жүз миң) АКШ долларын түзгөн же андан жогору (же долбоор берилген датада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сомго эквиваленттүү сумма) эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун карайт жана жактырат.
27. Комиссиянын катчылыгы тарабынан материалдар киргизилген учурдан тартып 14 календардык күндүн ичинде Комиссия долбоорлорду карайт.
28. Комиссия тарабынан долбоор жактырылган учурда ал Гранттык жана техникалык жардам жөнүндө жобого ылайык андан ары каттоого жана отчетко алынууга тийиш.
29. Комиссия тарабынан кароо үчүн долбоорлордун тизмеги Комиссиянын жыйналышы өтүүчү датага чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилет.
7-глава. Комиссиянын курамы
30. Комиссия Комиссиянын төрагасынан, Комиссиянын төрагасынын эки орун басарынан, Комиссиянын мүчөлөрүнөн жана Комиссиянын катчылыгынан турат.
31. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Комиссиянын төрагасы болуп эсептелет.
32. Комиссиянын төрагасы:
1) Комиссиянын ишин жетектейт;
2) Комиссиянын жыйналышынын күн тартибин бекитет;
3) Комиссиянын жыйналыштарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка ыйгарым укуктарды аткарат.
33. Комиссиянын төрагасынын орун басарынын бири:
1) зарыл болгон учурда Комиссиянын ишине тиешелүү маселелер боюнча эксперттерди тартууну уюштурат;
2) Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин аткарат.
34. Комиссиянын мүчөлөрү:
1) Комиссиянын бардык жыйналыштарына катышат. Комиссиянын мүчөлөрүнө Комиссиянын төрагасына (ал жок болгон учурда - Комиссиянын төрагасынын орун басарына) милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө маалымдоо менен жүйөлүү себептер боюнча гана катышпоого жол берилет;
2) кароого киргизилген материалдардын негизинде долбоорлорду жактыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
3) Комиссиянын жыйналыштарында каралуучу бардык маселелер боюнча добуш берет;
4) кызыкчылыктардын кагылышуусу кырдаалы пайда болгондо (Комиссиянын мүчөлөрүнүн чечимдери алардын жеке кызыкчылыктарынын таасирине дуушар болушу мүмкүн болгондо) добуш берүүдөн баш тартат, бул жөнүндө Комиссиянын мүчөсү Комиссиянын төрагасына жазуу жүзүндө өз убагында билдирүүгө милдеттүү;
5) Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда протоколго өзүнүн "өзгөчө пикирин" тиркөөгө милдеттүү;
6) чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так жетекчиликке алууга милдеттүү.
8-глава. Комиссиянын катчылыгы
35. Комиссиянын катчылыгынын функциялары экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Комиссиянын катчылыгы) жүктөлөт.
36. Комиссиянын катчылыгы Гранттык жана техникалык жардам жөнүндө жобого ылайык иш алып барат.
37. Комиссиянын катчылыгы наркы 300000 (үч жүз миң) АКШ долларынан аз (же долбоор берилген датада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сомго эквиваленттүү сумма) эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун карайт жана жактырат.
38. Комиссиянын катчылыгы 14 календардык күндүн ичинде долбоорлорду карайт.
39. Комиссиянын катчылыгы төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Комиссиянын ишин уюштуруучулук камсыз кылуу жана анын чечимдеринин аткарылышын координациялоо;
2) жыйналыштарга материалдарды жана Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун даярдоо;
3) жыйналыштын күн тартибинин долбоорун даярдоо;
4) Комиссиянын мүчөлөрүнө жана чакырылган адамдарга жыйналыштарды өткөрүү датасы, орду жана күн тартиби жөнүндө өз убагында маалымдоо, ошондой эле жыйналышка чейин эки жумуш күндөн кечиктирбестен маалымдама материалдарын жана чечимдердин долбоорлорун берүү;
5) маалыматты, кабыл алынган чечимдердин негиздемелерин жана чечимдердин өзүн толук жана анык чагылдыруу менен Комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзүү;
6) кабыл алынган чечимдерди өз убагында тариздөө жана аларды Комиссиянын төрагасына, төраганын орун басарларына жана мүчөлөрүнө кол коюуга берүү;
7) документтердин пакети толук эмес киргизилген учурда долбоорлор боюнча материалдарды толуктап иштеп чыгуу үчүн демилгечилерге кайтаруу;
8) Комиссиянын ишин документтик коштоо, анын ичинде протоколдорду, чечимдерди жана башка материалдарды тариздөө, эсепке алуу жана сактоо;
9) Комиссия тарабынан жактырылган жана четке кагылган долбоорлордун эсебин жүргүзүү;
10) Комиссиянын чечимдеринин, сунуштамаларынын жана сунуштарынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү;
11) Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдоо.
40. Комиссиянын катчылыгы мамлекеттик органдардан Комиссиянын иши үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды суроого укуктуу.
9-глава. Корутунду жоболор
41. Ушул регламентке өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен киргизилет.
|
| Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу боюнча комиссиянын иш регламентине тиркеме |
Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу боюнча комиссиянын чечими
20___-жылдын ___________ № _______
Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн
сырттан добуш берүү формасы
Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу боюнча комиссиянын чечими | Добуш берүүнүн жыйынтыгы (Сиздин вариантты √ менен белгилеңиз) |
Комиссиянын иш регламентин жетекчиликке алып, Комиссия чечти: |
|
1. _________________ долбоору жактырылсын | Макул ____________ |
2. Жогоруда аталган долбоор боюнча ______-жылга чейинки мөөнөттө долбоорду каттоо боюнча иш жүргүзүлсүн | Каршы ____________ |
Комиссиянын мүчөсүнүн колу:
Колу _________________ аты-жөнү _________________________ 20___-жылдын "___" _________