Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Төөлөс айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 24-сессиясы

 

2024-жылдын 11-январы №24-9  Муркут айылы

Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала-бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн акча каражатын кароо жөнүндө

Төөлөс айыл аймагындагы бала-бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн жергиликтүү бюджеттен каржыланган акча каражатын кароо жөнүндөгү Төөлөс айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Төөлөс айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнө негиз Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1.Төөлөс айыл аймагындагы бала-бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен каржыланган акча каражатынын суммасы 12 (он эки) сом эсебинде бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Төөлөс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилген акча каражатын максаттуу пайдаланышына жоопкерчилик бала-бакчалардын жетекчилерине милдеттендирилсин, мыйзамдуулугуна көзөмөл кылуу жагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

З.Жороев