Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 19
Миң-Булак айыл аймагы боюнча үй канаттууларын жана
жаныбарларды катоону жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» №370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» №52 Токтомуна ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы 364 413 (үч жүз алтымыш төрт миң төрт жүз он үч) сом бөлсүн.
Анын ичинде:
2111 статьясынан - 310 800 (үч жүз он миң сегиз жүз) сом
2121 статьясынан - 53 613 (элү үч миң алты жүз он үч) сом.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |