Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Төөлөс айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 25-сессиясы

 

2024-жылдын 5-марты №25-4  Муркут айылы

Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовдун 4-март 2024-жылдагы 01-34/151 сандуу өтүнүч каты жөнүндө

Герейт-Шорон айылынын Ош-Баткен авто жолунун 72-73 чакырымында жайгашкан №1787-контурундагы 6,13 га жер аянтынын ичинен 0,80 га жер аянтын айыл чарба жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлунундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесининин талаптарына ылайык айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1.Герейт-Шорон айылынын Ош-Баткен унаа жолунун 72-73 чакырымында жайгашкан № 1787-контурундагы 6,13 га жер аянтынын ичинен 0,80 га жер аянтын Айыл чарба жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовко жана жер адиси М. Бакировко милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “ Айыл, суу чарба, жерге

жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

З.Жороев