Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Төөлөс айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 25-сессиясы

 

2024-жылдын 5-марты №25-5  Муркут айылы

Төөлөс айылдык кеңеши-мекемесин кайра каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “ Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгеелинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “ Пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкулчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып айылдык кеңештин сесиясы токтом кылат:

1. Төөлөс айылдык кеңеши-мекемеси “Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесине фирмалык аталышы жана жобосу өзгөргөндүгүн байланыштуу кайра каттоодон өткөрүлсүн Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы: -Мамлекеттик тилде: «Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси. Расмий тилде: Учреждение «Айылный кеңеш айылного аймака Тоолос» 2. «Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин убактылуу жобосу бекитилсин.

3. «Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Төөлөс айылдык аймагы, Муркут айылы Ж. Мажакыпов №1 болуп аныкталсын.

4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

5 Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын о.э. мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат..

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

З.Жороев